КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМГЕ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМГЕ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕРИ – ардак наам.
Алгач Кыргыз ССР Жогорку Советинин Прези­диумунун 1940-жылы 17-декабрь жана 1970 -жылы 30-ноябрдагы жарлыгы менен белгиленген. 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген кыз­маткери. Илим жана техника боюнча көрүнүктүү эмгек­тери, чарбалык жана социо-маданий курулуштагы өзгөчө маанилүү илимий ачуулары жана ойлоп чыга­руулары, илимий-практикалык олуттуу ишмердиги үчүн жана эл чарбасына, саламаттык сактоого, агартуу, илим, маданият жана искусствого илимий кадрлар­ды, жогорку квалификациялуу адистерди даяр­даган илимий кызматкерлерге берилет.