КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНА АКАДЕМИЯСЫ (КММА)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:13, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИ́НА АКАДЕМИЯСЫ (КММА)ЦИНА АКАДЕМИЯ И. К. А х у н б а е в а т ы н д а г ы –республикада врачтарды даярдоочу ЖОЖ. 1939-ж. Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик медициина институту (КММИ) болуп уюшулган. Улуу Ата Мек. со­гуш жылдарында Харьков медицина институтуту көчүп кел­генден кийин КММИнин кафедралары ж-а клиникалары


толук уюштурулуп бүткөн. 1943-ж. КММИни алгачкы 120 врач бүтүрүп чыккан. 1996-ж. академия болуп уюшулуп, КММА деп аталган. КММАнын окуу процессинде үзгүлтүксүз кесиптик орто, жогорку, кошумча ж-а ЖОЖ-дон кийинки кесиптик билим алуу м-н бирге илим изилдоо ж-а клиникалык иштер, ошондой эле фундамен­талдык ж-а колдонмо илим изилдоо жүргүзүлөт. КММАнын курамында дарылоо, педиатрия, сто­матология, чет элдик жарандарды окутуу, жо­горку медсестра кызматы факультетттери ж-а фарма­ция, коомдук саламаттык сактоо ж-а башка­руу институту, медицина окуу жайы бар. Мындан тыш­кары дипломдон кийинки билим берүү институту,

Медициналык ж-а биологиялык фундаменталдык маселелер­ди ИИИ ж-а Эл аралык кызматташтык борбо­ру иштейт. КММА 65 жыл ичинде 30 000ден ашуун жогорку квалификациялуу медициналык адис­терди, илимдин 49 докторун, 882 кандидатын даярдаган. КММИде ж-а КММАда ар кайсы мез­гилдерде И. К. Ахунбаев, А. А. Айдаралиев, Ф. Н. Нургазиева, В. А. Исабаева, С. Б. Дания­ров, А. Мурзалиев, И. К Акылбеков, Д. А. Адам­беков директор, ректор болуп иштешкен. 2010-жылдан президенти – А.Зурдинов.