КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ИСКУССТВО ИНСТИТУТУ (КМИИ)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:57, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ИСКУССТВО ИНСТИТУТУ (КМИИ) Б. Б е й ш е н а л и е в а а т ы н д а – республикадагы жогорку музыкалык билим берүүчү окуу жайы. 1967-жылы Фрунзеде уюшулган. 1974-жылы ин­ститутка Б. Бейшеналиеванын ысмы берилген. Аде­генде институтта 14 кафедрадан турган 3 факультет (форте­пьяно – теориялык, вокалдык-оркестрлик, маданий­-агартуу иштери) жана сырттан окуу бөлүмү бол­со, 1993-жылы социалдык-маданий ишкердүүлүк, хор жана оркестрди дирижёрлоо, театр жана кино

факультеттерине 12 багыттагы 24 кесиптик адистерди [хор коллективинин, социалдык-маданий тей­лөөнүн, эл аспаптар, эстрада оркестрлеринин, фольклор ансамблинин, хореография коллективдин менеджерлерин, актёрдук искусство, хореография режиссёру, үн режиссёру, адабий чыгармачылык (кино сценарий), театр таануу, кино таануу, музыкалык билим берүү, экономика жана башкаруу] даяр­дай баштаган. 1992-жылдан эстрада оркестрле­ринин, ансамблдердин жетекчилерин, актёр­лорду, режиссёрлорду, педагог-хореографтарды даярдайт. 1996-жылы «Музыка жана ырдоо» кафе­драсы ачылып, анда жалпыга билим берүүчү мек­тептердин музыка мугалими даярдалат. Ректор­лору: Т. Мусулманкулов, Н. Давлесов, К. Сарт­баева, К. Молдобасанов, А. Асакеев, 2000-жыл­дан С. Субаналиев.