КЭМП-ДЭВИД МАКУЛДАШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЭМП-ДЭВИД МАКУЛДАШУУСУ (1978) – Еги­пет ж-а Израил мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн тынчтык келишим.

1978-ж. 17-сентябр­да Кемп-Дэвид резиденциясында (Мэриленд штаты) өткөн жолугушууга АКШ президенти Ж. Картер, Египет президенти Анвар Садат ж-а Израилдин премьер-министри Менахем Бегин катышкан. Жолугушуунун катышуучулары Суэц каналы б-ча сүзүү режими, эки мамлекет­тин ортосундагы дипл. мамилелерди түзүү, Араб- Израиль жаңжалдарын жоюу ж-дө макул­дашышкан. А. Садат Газа секторундагы ж-а Иордан д-нын батыш жээгиндеги, о. эле Синай ж. а-ндагы Израиль басып алган аймактарды бошотууга жетишкен. Бирок М. Бегин Палес­тинаны боштондукка чыгаруу уюму м-н сүйлө­шүүдөн баш тартып, Иерусалим ш-нын батыш жагын (Иордан д. тарап) зордоп тартып алууну уланткан ж-а Голанд дөңсөөлөрүн Израилге өткөрүүнү талап кылган. Египет болсо палести­налыктардын өз тагдырын өздөрү чечүү прин­цибин коргогон.