КЫШТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫШТОО – кышында пайдаланылуучу талаа ж-а кышкы жайыт; малчылардын кышкы жайы. К. аз чыгым м-н этти арбын өндүрүүгө мүмкүндүк берген. Суусамыр, Арпа, Ак-Сай, Кара-Кужур, Ак-Шыйрак сыяктуу К-лордо мал (жылкы, топоз, кой-эчки ж. б.) кышкысын жайытта багылган. К-нун оту шыбак, бетеге, тулаңдуу келип, бирок витамин м-н белок жокко эсе болгон. Учурда колхоз-совхоздор тарап, дый­кан чарбасы уюшулгандыгына байланыштуу К. сейрек пайдаланылат.