КЫТАЙ ЖАЗУУСУ
КЫТАЙ ЖАЗУУСУ – сөз же морфемаларды туюнтуу үчүн иероглифтер пайдаланылган жазуу. Иероглифтер б. з. ч. 2-миң жылдыктын орто ченинде пайда болгон. Б. з. 1-к-нда иероглифтерди жазуунун азыркыдай стили – к а й ш у («үлгү жазуу») иштелип чыккан. К. ж-ндагы

жалпы белгилердин саны болжол м-н 50 миң. Азыркы кытай тилинде анын 4–7 миңи пайдаланылат. Кытай салтында иероглифтер 6 категорияга бөлүнөт. Азыр аларды 3 топко ажыратышат: 1) п и к т о г р а м м а л а р м-н и д е ог р а м м а л а р. Буларга байыркы жөнөкөй белгилер кирет; 2) ф о н о г р а м м а л а р (иероглифтердин көбү) – сөздүн маанисин ж-а айтылышын туура табууга жардам берүүчү «ачкычы» бар татаал белгилер; 3) «кабыл алынган» и ерогли фт ер – му рда бел ги л үү би р түшүнүктү туюнтуу үчүн колдонулуп, кийин башка сөздү белгилөө үчүн пайдаланылып калган иероглифтер.