КЫТАЙ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫТАЙ – кыргыздардын сол канат уруу тобу­на кирген чоң уруулардын бири. К. уруусу неги­зинен Талас, Чаткал ж-а азыраагы Чүй, Ысык- Көл өрөөндөрүндө жашап, майда топтору Тянь- Шанда да кездешет. Оозеки санжырага байла­ныштуу К. уруусунун аталышы ушул урууга негиз салган адам же анын ылакап атынан кал­ган деп түшүнүүгө болот. Бирок казак, өзбек, каракалпак, башкырлардын курамында дагы К. уруулары кездешет, ошондуктан ил. негизде алардын этностук түбү о. кылымдагы кара кы­тайлар (кидан) м-н байланышы бар болушу мүмкүн деген да көз караштар бар. Этнограф С. Абрамзон К-дын ичиндеги кыйранын кура­мында кара кытай уругу бар экенин эскертет ж-а төмөн тамга тобунун биринде төрдөш деген урукту байыркы түрктөрдүн тардуш уруусуна са­лыштырат. «Мажму ат-Таварихте» Куу уулдун 6 уулу болуп, анын бири Сунжек Кытай баатыр (Хытай-бахадур) экени айтылат. Генеол. ула­мыштар б-ча К-дын Байтике, Буудай ж-а Бөгөжү деген уулдары болгон. Байтикенин Төңтөгөр деген баласынын тукуму 16, Кыйра деген уулу­нун тукуму 12 урукка тарап, булар жалпы жо­гору тамга, Буудайдын балдары 8 топтон ту­руп, төмөн тамга, ал эми Бөгөжүнүн тукуму өз аты м-н аталып калган.


Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер. Б., 1999; Мате­риалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003.

Р. Жолдошов.