КЫРГЫЗ-ЧЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ-ЧЕК – Ош обл-нун Кара-Суу р-нунда­гы кыштак. Мады айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 980 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Кара-Суу ш-нан 28 км түш.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 7 км. Калкы 4590 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эм­гектенет. Эки орто мектеп, 2 китепкана, клуб, мад-т үйү, оорукана, поликлиника, мончо, ме­чит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүм­дөрү, соода жайлары иштейт.