КЫРГЫЗ УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ Т. А б д у м о м у н о в а т н. – Кырг­ндагы эң ири драма театры. 1926-ж. 2-ноябрда кыргыз муз. драма студиясы катары ачылган. Театрдын негиздөөчүлөрү: студиянын туңгуч же­текчиси ж-а реж. Н. Н. Еленин– студиянын окуучулары А. Куттубаева– К. Эшимбеков– Ш. Түмөнбаев– К. Айбашева– К. Мадемилова– Г. Уразбаева– А. Малдыбаев– А. Куттубаев– М. Ибраев ж. б. болгон. Cтудияда алгач Н. Еле­ниндин «Молдо Насирдин» (1927)– кийин М. Токобаевдин «Кайгылуу Какей» (1927)– К. Жантөшевдин «Карачач» (1929)– Н. Гогол­дун «Текшерүүчү» (1929)– А. Островскийдин «Жок жерден табылган алтын» (1930) пьесала­ры б-ча спектаклдер коюлган. 1930-жылдын 7-ноябрында студия Кыргыз мамл. драма теат­рына айланып– К. Жантөшевдин «Алым менен Мария» пьесасы м-н ачылган. 1931-ж. театрга К. Акыев– А. Үсөнбаев– М. Күрөңкөев– А. Бай­батыров– Ш. Термечиков ж. б. элдик өнөрпоз­дор кирген. 1936-жылдан театр Кыргыз муз. драма театрына– 1941-ж. кайрадан Кыргыз мамл. драма театрына айландырылган. Алгач­кы труппасы ГИТИСти бүтүргөн (1941) улан­кыздардан (Р. Айдаралиева– И. Абдубачаев– М. Ибраев– Н. Кытаев– А. Cаргалдаев ж. б.)– мурда театрда иштеген актёрлордон (А. Айба­шев– Б. Бейшенбаева– А. Боталиев– Б. Кыдыке­ева– Д. Күйүкова– C. Жаманов– C. Күмүшалиева– М. Рыскулов– А. Cарбагышев– Ш. Түмөнбаев– К. Эшимбеков ж. б.) куралган. Театр «Король Лир» (У. Шекспир) ж-а «Кедейлик кемтик эмес» (А. Островский) аттуу спектаклдер м-н ачыл-

ган. Кийин А. Токомбаев– Р. Шүкүрбеков– К. Ма­ликов м-н А. Куттубаев– Ф. Шиллер– Б. Жа­киев– Т. Абдумомунов– М. Байжиев– М. Тойбаев– А. Чехов– Л. Толстой– Ж. Cадыков ж. б. автор­лордун пьесалары– Ч. Айтматовдун повесттери б-ча спектаклдер коюлган. 1958-ж. театр Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланып– 1971-ж. ака­демиялык наам алган. Театрдын калыптанышы­на ж-а өсүшүнө реж. Ж. Абдыкадыров– М. Наза­ралиев– Б. Ибраев– И. Рыскулов– О. Эркимбае­ва, А. Сарлыкбеков, сүрөтчүлөр Г. Айтиев, А. То­ропов– М. Cыдыкбаев– М. Исхаков– Ю. Нурма­тов– артисттер А. Көбөгөнов– Н. Кытаев– C. Бал-

кыбекова– C. Далбаев– М. Далбаева– Г. Дулато­ва– C. Жумадылов– Ж. Cейдакматова– А. Өмүра­лиев– К. Досумбаев, А. Осмонов– Т. Турсунбае­ва, М. Асанбаев– Д. Байтөбөтов, С. Жунуша­лиева, И. Раимкулова, Ж. Сыдыкбаева, Г. Ка­ниметова, Ш. Касымалиева, Э. Бекболиев ж. б­лардын эмгеги зор. 2002-ж. театрга улуттук ста­тусу берилген. 1972-жылдан анын алдында те­атр окуу жайы иштейт. Театрдын директорло­ру: А. В. Октябрев, Р. Тургумбаев, И. Кокеев, А. Нурмамбетов, К. Маликов, К. Бектенов, А. Изибаев, А. Темиралиев, З. Тургумбеков, А. Көбөгөнов, А. Керимбаев, И. Төкөлдөшов, А. Исабеков, Ш. Шаршеев, С. Жумадылов, Т. Ду­латов, А. Абдыкалыков, М. Баялинов, А. Сар­лыкбеков, К. Осмонов, 2010-жылдан М. Алыш­паев.