«КЫРГЫЗСТАН» АЯЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗСТАН» АЯЛДАРЫ – мурдагы Кырг-н КП БКнын коомдук-саясий ж-а адабий-көркөм журналы. 1951-ж. уюштурулган. Адегенде эки айда бир жолу, ал эми 1956-жылдан баштап ай сайын чыгып келген. Милдети аялдардын коом­догу ордун жогорулатуу, аларды идеялык жактан тарбиялоо, өндүрүшкө тартуу, өлкөнүн саясий, социалдык-экон., маданий турмушуна катышууга үндөө болгон. Тиражы 1977-ж. 72 миң, 1985-ж. 78 миң нускага чейин жеткен. 1993-жылдан «Ала-Тоо айымдары» деген ат м-н өз алдынча чыгып, ал эми 2004-жылдан чык­пай калган.