«КЫРГЫЗ СЕРИАЛДАРЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗСЕРИАЛДАРЫ» – 2003-ж. УТРКнын сериялуу фильмдерди чыгаруучу студиясы уюшулган. Уюштуруучусу ж-а жетекчиси – акын, драматург, журналист, Кырг-н жаштар сыйл. лауреаты Ж. Өзүбекова. Анын сценарийи б-ча коюлган «Чиркин өмүр» (40 серия), «Апамдын махабаты» (20 серия), «24 саат» (2 серия), «Кара жолтой» (3 серия), «Тор» (3 серия), «Кууш жол­до» (3 серия), «Сезимде калган издер» (4 серия) фильмдеринде улуттун өзгөчөлүгү, асыл наркы, салт-санаасы чагылдырылган. Сериалдар жан­ры б-ча ар түрдүү, мазмуну жөнөкөй ж-а жет­киликтүү берилген. Туңгуч кыргыз сериалдарын реж. М. Мамбетов ж-а Б. Айткулуев тарткан.