КЫРГЫЗ-РОССИЯ СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ-РОССИЯ СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИ Б. Е л ь ц и н а т н. (КРСУ) – эл аралык жогор­ку окуу жайы. 1993-ж. КР ж-а РФтин орто­сундагы кызматташтык ж-а эки тараптуу дос­тук, жардамдашуу келишиминин негизинде түзүлгөн. Өкмөт аралык макулдашууга ылайык, эки мамл. ортосундагы мамл. ЖОЖ. 2004-ж. Б. Н. Ельциндин ысмы берилген. Окуу планда­ры эки мамлекеттин билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн. Бүтүрүүчүлөргө КРдин ж-а РФтин мамл. диплому ыйгарылат. 8 ф-т (таби­гый-тех., экон., юрид., эл аралык мамиле, куру­луш дизайны ж-а арх-ра ф-ттери), 80 кафедра, 6 ил.-изилдөө ин-ту, 15 ил. ж-а билим берүү борбору, 4 лаборатория, мед. борбор, 25 эстети­калык тарбиялоо студиялары, галерея, музей ж. б. бар. Окуу бюджеттик ж-а контракттык негизде күндүзгү ж-а сырттан окуу бөлүмдөрү ар­кылуу жүргүзүлөт. Структуралык бөлүмдөрүнүн башкаруу системасына шартталган негизги бел­гиси алардын ишке ашыруучу окуу программа­лардын мазмунуна, максаттарына дал келүү­чүлүгү болуп саналат. Билим берүү программа-


сын модернизациялоо иштеринде, ЖОЖдордо окуу процессин методикалык жактан камсыз кылууну өнүктүрүүдө активдүү катышат. Тек­шерүү комиссиясы эки тараптан тең дайын­далып, берилүүчү диплом эки мамлекет үчүн жарактуу болуп эсептелет. Ун-ттин уюштуруу­чусу ж-а ректору В. И. Нифадьев (1993-жыл­дан).