КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙГА ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙГА ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕРИ – ардак наам. 1991-ж. чейин Кыргыз ССРинин ө. ж-га эмг. сиң. кызматкери. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1970-жылдын 30-ноя­брындагы указы м-н белгиленген. 1991-жылдан КР Президентинин жарлыгы м-н ыйгарылат.
Өндүрүшкө илимдин жетишкендиктерин, тех­никанын ж-а эмгектин алдынкы ыкмаларын киргизүү аркылуу өндүрүш тапшырмаларын ат­карууда, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда, продукциянын сапатын жакшыртууда ж-а өздүк наркын төмөндөтүүдө жогорку көрсөт­күчтөргө жетишкен, адистиги б-ча кеминде 15 жыл үзүрлүү иштеген негизги адистиктеги жу­мушчуларга, о. эле жогорку же атайын билими бар инженер-техник кызматкерлерге берилет.