КӨРҮСТӨН
КӨРҮСТӨН , к а б ы р с т а н – маркумдун сөөгүн коюу үчүн бөлүнгөн атайын жай. Көрүстөндүн тиби жана аны сактоо тартиби тигил же бул элдин, диндин, сектанын, социалдык топтун жана башка сөөк коюу ырым-жырымдарына байланыштуу болот. Кыргыздарда көрүстөн айылдан обочо же дөбөчө жерде, ал эми шаарда атайын бөлүнгөн жайда болот. Айрым мүрзөлөргө эстелик тургузулгандыктан, көрүстөн улуттук-тарыхый мүнөзгө ээ.