КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУССТВОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУССТВОСУ – иск-вонун живописи– скульптураны– графиканы– о. эле фотоиск-вону бириктирүүчү бөлүгү. Чындыктын тааныш– көргөзмөлүү образы К. с. и-нун чыгар­маларынын негизин түзөт. Өзгөчөлүгүнө жара­ша К. с. и-нун ар бир түрү курчап турган дүй­нөнүн көлөм– түс– мейкиндик сыяктуу сапатын– о. эле предметтердин чыныгы формасын ж-а жарык-аба чөйрөсүн өзүндөй чагылдырат. Ошо­го карабастан көп чыгармалар окуянын убак­тылуу өөрчүүсүн– күчөтүлгөн баяндаманы кам­тышы мүмкүн. К. с. и. адамдын жан-дүйнөсүн– кулк-мүнөзүн ачып көрсөтүп– окуянын психол. ж-а эмоциялык мазмунун чечмелөөсү мүмкүн– б. а. ошол доордун руханий– эстетикалык– фи­лос. ж-а этикалык идеялары К. с. и-нун маани­мазмунун түзөт. Адамдардын аң-сезиминин өсү­шү ж-а алардын дүйнөгө көз карашынын ка­лыптанышы м-н элдик идеяларды чагылдыруу­нун формасы катары К. с. и-нун мааниси ар­тууда.