КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУССТВОСУ
КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУССТВОСУ – искусствонун живописи,айкелди, графиканы, ошондой эле фото искусствону бириктирүүчү бөлүгү. Чындыктын тааныш, көргөзмөлүү образы Көркөм сүрөт искусствосунун чыгармаларынын негизин түзөт. Өзгөчөлүгүнө жараша Көркөм сүрөт искусствосунун ар бир түрү курчап турган дүйнөнүн көлөм, түс, мейкиндик сыяктуу сапатын, ошондой эле предметтердин чыныгы формасын жана жарык-аба чөйрөсүн өзүндөй чагылдырат. Ошого карабастан көп чыгармалар окуянын убактылуу өөрчүүсүн, күчөтүлгөн баяндаманы камтышы мүмкүн. Көркөм сүрөт искусствосу адамдын жан-дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн ачып көрсөтүп, окуянын психологиялык жана эмоциялык мазмунун чечмелөөсү мүмкүн, башкача айтканда, ошол доордун руханий, эстетикалык, философиялык жана этикалык идеялары көркөм сүрөт искусствосунун маани-мазмунун түзөт. Адамдардын аң-сезиминин өсүшү жана алардын дүйнөгө көз карашынын калыптанышы менен элдик идеяларды чагылдыруунун формасы катары көркөм сүрөт искусствосунун мааниси артууда.