КӨРКӨМ CҮРӨТ АКАДЕМИЯЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨРКӨМ CҮРӨТ АКАДЕМИЯЛАРЫ – пласти­калык иск-вонун ил.-чыг-лык мекемеси; жогор­ку көркөм сүрөт мектеби. 16-к-да Италияда пай­да болгон К. с. а. антика иск-восун– Кайра Жа­ралуунун улуу чеберлеринин ыкмаларын таа­нып-изилдеген ж-а сүрөттү иск-вонун башаты катары аздектеген сүрөтчүлөрдүн эркин бирик­меси болгон. 1648-ж. Парижде негизделген ал­гачкы Живопись ж-а скульптуранын королдук академиясы француз иск-восунун өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. 17–18-к-да Париж академия­сынын үлгүсүндө бир катар Европа мамлекетте­ринде (Венада, 1692; Берлинде, 1694; Лондондо, 1768). К. с. а. түзүлгөн. Россияда 1757-ж. Петер­бургда негизделген. 1933-ж. ЖОЖ болуп эсеп­телген Бүткүл россиялык К. с. а. ачылып (Ле­нинградда)– 1947-ж. CCCР көркөм сүрөт акаде­миясы түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын улуттук Көркөм сүрөт академиясы 1995-ж. Бишкекте ачылган.