КӨНӨЧӨК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:20, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨНӨЧӨК - төөнун терисинен ышталып жа­салган, көнөктөн кичирээк келген көн идиш.
Туп жагынан кууш оозуна жыгач алкак салы­нып, оозунун эки жагынан тушташ тешик көзөлуп, аларга кылдан, кайыштан боо та­гылган. Айрым­дарына жыгачтан капкак, ошондой эле чор­го жасалган. Көнөчөктун сырты жана капка­гы оймо-чийме, купа, чачы менен кооздолгон. Көнөчөк да көөкөр, көнөк, са­баа сыяктуу эле ыштыкта ышта­лып, даяр болгондон кийин урунулган. Суюк тамак, кымыз, айран куюуга жана каймак жый­ноого керектелген.