КӨНӨК
КӨНӨК - төөнун терисинен ышталып, кептелип (к. Кептөө) жасалган көн идиш. Ага бээ саап, кымыз куят. Чакан көнөктун сыйымдуулугу 10-12 лге барабар. Туп жагы оозунан бир аз кеңири келип, чоргосу 17-20 смдей, бийикт.иги 25-30 см, диаметри 25-30 смдей. Көнөктун оозуна 3-4 смдей жыгач алкак коюлуп, кайрылып тигилип, эки жагынан эшилген же өрулгөн жоон кылдан боо тагылат. Көнөктун чоргосунун ички жоон, тубунө кыл чыпка

коюлуп, андан саалган сүт өткөн. Суттун, кымыздын даамы көнөктө бузулбай сакталган. Ышталып, жакшы колдонулган көнөк көпкө чыдаган. Көнөктун сыртына, алкагына, чоргосуна оймо-чийме тушурулуп, кээде алкагына жана боо байланчу жерине жез, кумуш, купалар да чөгөрулгөн. Учурда көнөк сейрек кездешет.