КӨМҮРКӨЙ
КӨМҮРКӨЙ - устанын аспаптары сакталуучу сандыкча. Ал жыгачтан же шириден ар кандай көлөмдө жасалган; чакан К-дүн капкагынын үстүндө, чоң К-дүн эки жан жагында туткасы болгон. К-дө чеберлердин темирчиликке, зергерчилик, жыгаччылык ж-а теричилик пайдалана турган куралдар сакталган.