КӨМӨЧ КАЗАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨМӨЧ КАЗАН , таба, көмөчтан - нан бышырууга колдонулуучу чоюн идиш. Өзүнчө эки (астынкы жана үстүнкү) табакчадан турат.

Чокко ысытылган көмөч казанды ич май менен майлап, ага ачыган камырды тегиздеп жаап, көмөч казандын үстүнкү бе­тин (экинчи па­йын) көмөрүп коёт; чок астына төшөлүп, үстүнө көмө үйүлөт.
Мындай бышы­рылган нан көмөч нан деп аталат. Көмөч нан жумшак, кубаттуу жана тогумдуу келет.