КӨЛДӨЛӨҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЛДӨЛӨҢ , бостек­ашатып өңдөгөн саңсаң (саксак) териден жаса­лып, шырдак, ала кийиз, таардын үстүнө төшө­лүүчү үй буюму.

Эки-үч те­риден жасалат, тери­лердин бучкактары кеси­лип ташталып, калганы тегизделип, ортосунан жөрмөлүп бириктирилет; К. ичтелип, тегереги көбөөлөнөт. Отурууга жумшак, ыңгайлуу болот.