КӨЗ БООЧУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЗ БООЧУ (фокусчу– иллюзионист) – көрүүчү­нүн көңүлүн алаксытып, чыныгы нерсени бур­малап ишендирүүгө машыккан эстрада жана цирк артисти. Ар кандай буюмдарды көз көрүнөө жок кылып же жоктон бар кылып, «таң каларлык» кубулуштардын пайда болуусуна ишендирүү үчүн алар көбүнчө байкалбаган кыймыл-аракет жа­сап, айрым учурда татаал аппараттарды жана механизмдерди пайдаланышат. Көз боочулардын ай­рым номерлери химия, физика мыйзамдарынын жардамы менен көптөгөн адам, айбанат катыш­кан театрлашкан программа түрүндө да көрсөтү­лөт. Көрүнүктүү орус көз боочулары: Э. Кио, А. Ако­пян, Кыргызстаннда Ф. Мукушева.