КӨГӨӨНДӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨГӨӨНДӨР (Tabanidae) – курт-кумурскалар классынын кош канаттуулар түркүмчөсүнүн ту­куму. Жаныбардын канын соруп жашоого ың­гайлашкан. Көзү чоң, муруту үч бөлүктүү. Башы кыска, жазы. Канаты тунук, кээсиники боз тор сымал ж-а жол-жол күрөң түстө. Дене уз. 6– 30 ммге жетип, сырты кыска майда түктөр м-н капталган. Дүйнөдө 3 миңге жакын түрү бел­гилүү. Ал жайкы аптапта айбанаттарды, ки­шини чагат. Ургаачылары гана кан сорот, эрке­ги гүл чаңчалары м-н азыктанат. Көлмө жээ­гиндеги бадал, дарак жалбырагына, бутагына топ-топ кылып, чоңдугу 2 ммдей цилиндр түспөл топтошкон жумуртка таштайт. Андан личин­ка чыгат да, алар сууда же топуракта жашап, майда омурткасыздар м-н азыктанат. Кийин­черээк ал куурчакчага, 2–3 жумадан кийин имагого айланат. К. жайылган малды талап, кунарын кетирет. Кишинин ишке жөндөмдүү­лүгүн азайтат ж-а жугуштуу ылаң козгогучта-

Көгөөндөр: 1 – уй көгөөнү; 2 – кой көгөөнү; 3 – жылкы көгөөнү.

рын таратат. Аларга каршы күрөшүүдө көл­мөлөрдү кургатуу, жаныбарга К-дү качыруучу дары (мис, креолиндин 5%түү эритмесин) сый­поо керек.