КӨГӨН
КӨГӨН – козу-улак же кой-эчки тизилип байлануучу эшме аркан. Эки казыкка кере тартылып байлануучу аркан – к е ж и, бир (туюк) учу көзөнөктөлүп, экинчиси түйүлгөн эки кат эшме жип б у у р ч а к деп аталып, ага жандыктар каршы-терши байланат. Бир көгөндөгү буурчактын саны 60–70ке чейин жеткен.