КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ
КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ . Көркөм сөз өнөрү жаралыш өзгөчөлүгүнө жараша негизги эки чоң бөлүктөн турат: 1) элдик оозеки чыгармачылык, башкача айтканда фольклор; 2) жазма адабият. «Адабият» түшүнүгү араб тилинен кирген «адеп» («адаб») сөзү менен байланыштуу. Ал адамдарды жакшы мүнөз, жүрүм-турумга багыттоочу, турмуш сырларын түшүндүрүү максатында жаралган чыгарма деген маанини берет. Бул сөз айрым тилдердегидей [(мис., литература – literaturа (тамга) деген латын сөзүнөн келип чыккан)] түздөн-түз «тамга», «жазуу» түшүнүктөрүнө байланышпагандыктан, азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, татар, түркмөндөрдө элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн да көп учурларда эл адабияты, калк адабитяты, оозеки адабият деп аташат. Ошентсе да, «адабият» бүгүнкү күндө, негизинен, жазма адабий чыгармачылык түшүнүгүн берүүчү термин катары колдонулат. Бардык элдердегидей эле кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн алгачкы үлгүлөрү оозеки формада жаралып, өнүгүп калыптанган. Элдин дүйнө таанымын, ой-тилегин, максат-мүдөөлөрүн, асылдык, көркөмдүк жөнүндөгү түшүнүктөрүн чагылдырган көркөм сөз үлгүлөрү муундан-муунга, ооздон-оозго өтүп жашап келген. Нечен кылымдык карт тарыхында кыргыздардын оозеки, поэтикалык бай, санжыргалуу салттары калыптанган. Бабалардан калган баалуу сөз мурастарыбыздын ичинде эмгек ырлары («Оп майда», «Бекбекей», «Тон чык» ж. б.), ырым-дарым айтымдары («Дамбыр таш», «Козу телүү», «Аштык сепкендеги айтым», «Ашуу-келме», аластоо, бадик айтымдары ж. б.), каада-салт, арман, сүйүү, бешик ырлары сыяктуу чакан лирикалык жанрлардан тартып, «Манас» эпосу башында турган не бир керемет эпостор («Эр Төштүк», «Кожожаш», «Эр Табылды», «Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Жаңыл Мырза» ж. б.), жөө жомоктор, миф, легенда, уламыштар, дастандар, дидактикалык жанрдагы макал-лакап, табышмак, жаңылмачтарга чейин бар. Тээ байыртан бери кыргыз эли «Манаска» өзгөчө орун берип, ыйык тутуп келген. Кыргыз эли
«Манасты» улуттук-мамлекеттик идеологиясы, кыргыз эли, кыргыз жери түшүнүгүнүн бөлүнгүс атрибуту, этика, укук, милдет эрежелеринин кодекси, дүйнө тааным билимдеринин жыйнак «китеби» катары түшүнүшкөн. «Манас– жүздөгөн
жылдар бою кыргыздар үчүн таалим алуучу роман-китептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин ролун аткарган» (Б. Юнусалиев). «Манас» эпосун эл оозунан жазып алуу иши 19-кылымдын 2-жарымынан башталса да, бул улуу эпостун үчилтигин ырааттуу жазып алуу жана элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн эл арасынан жыйноо иши Совет мезгилинде, тагыраак айтканда. 1922-жылдан колго алынган. Бүгүнкү күндө КР УИАнын Ч. Айтматов атн. Тил жана адабият ин-тунун Кол жаз малар фондусунда «Манас» эпосунун 80ден ашуун варианттарынын кол жазмасы сакталып турат. Фондудагы элдик оозеки чыгармачылыктын
үлгүлөрүнүн негизинде «Эл адабияты» сериясынын 30 тому жарык көргөн. Кыргыздар тарыхта аты эң эрте белгилүү болгон Борб. Азиядагы эң байыркы элдердин бири. Кыргыздар 4–5-к-да орток түрк рун жазмаларын пайдаланышканы, 9-к-да «Улуу кыргыз державасы» деп аталган өз алдынча кыргыз кагандыгын түзгө дүгү тарыхтан белгилүү. Кыргыз элинин жазма мад-тына тиешелүү көрүнүш катары 11-к-да жашап өткөн жердештерибиз М. Кашгаринин «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» жана Ж. Баласагунинин «Кут алчу билим» дидактикалык дастанын атоого болот. Кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн тарыхында акындар поэзиясынын – төкмө ырчылар менен жазгыч акындардын чыг-лыгы айрыкча мааниге ээ. Акындар бир жагынан бекем салттагы элдик оозеки поэзиянын туруктуу өкүлү болсо, экинчи жагынан чыгармачыл активдүү инсан, жекече индивидуалдуу көрүнүш. Алар элдик поэтикалык салтты сактоочулар жана жайылтуучулар болуу менен катар, аны жаңыча мазмун, жеке көркөмдүк табылгалар менен байытуучулар да болуп эсептелишет. Окуу-жазуу заманына жетип, эл оозунан чогултулуп, замандаш же шакирт болгон соңку муундагы акындардын айтуусу менен кагаз бетине түшүп, бүгүнкү күнгө жеткен материалдарга караганда төкмөлүк поэзия 19-к-дын 2-жарымы – 20-к-дын башында өзүнүн классикалык гүлдөө доорун башынан кечирип турган учур болсо керек. Буга далил катары санат-насыят, терме ырлардын; айтыштардын; күн, жер, аккан суу, шамал ж-дө натурфилос.; өмүр, өлүм, карылык, балалык ж-дө турмуштук филос., замана темасында социалдык-филос. ырлардын нечен түркүн керемет үлгүлөрүн Калыгул, Арстанбек, Чоңду, Эсенаман, Токтогул, Калмырза, Эшмамбет ж. б. у. с. акындар калтырышкан. 13–15-к-да жашап өткөн айрым акындар: Кет Бука, Токтогул ырчы, Асан Кайгы ж-дө аңыз кептерден башка дагы кандай акындар өткөн, эмне ж-дө жана ар кандай кайрыктарга салып ырдашкан – буга берилчү жооптор тарых барактарында белгисиз бойдон калды. 19-к-дын башынан Кокон хандыгы кыргыз аймактарына өз бийлигин жүргүзө баштагандан тартып, ал аймактарда диний мектептер, медреселер ачылып, сабаттуу адамдар пайда боло баштады. Мектеп, медреселерде жалаң эле диний ад-ттар эмес, о. эле көркөм чыгармалар, мис., Хафиздин, Навоинин, Бедилдин, Физулинин чыгармалары да окутулган. Кырг-ндын Россиянын курамына кирүүсү менен мад-т багытындагы өзгөрүүлөр дагы тездетилген темпте жүрө баштаган. Бул мезгилде диний мектептер менен катар кыргыз балдар да окуган орус-тузем мектептери ачылган. Сабаттуу адамдардын пайда болушу менен кыргыз коомчулугунда казак, татар, өзбек, орус тилдеринде чыккан китептер, гезит-журналдар, кол китептер кеңири тарай баштаган. Сабаты ачылган, чыгармачылык шыгы бар айрым адамдар өз чыг-лыгын жазма түрүнө салууга аракет кыла башташкан. Жазгыч акындардын өкүлдөрү: Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Ысак Шайбеков ж. б. Жазгыч акындардын ичинен 1911-ж. Молдо Кылычтын жер титирөө ж-дө жазган «Кысса ил зилзала» аттуу чыгармасы 1911-ж. Казандан китеп болуп басылып чыккан. Бул – кыргыз ад-тындагы басмадан чыккан эң алгачкы китеп. Кийин 1925-ж. Москвадан ушул эле акындын «Тамсилдер» деген аталыштагы экинчи китеби жарык көргөн. Ага «Канаттуулар», «Бүркүттүн тою», «Буудайык» деген казалдар кирген. Бардык учурда, бардык адамдар тарабынан колдоого алынуучу акыйкаттарга негизденген фольклордук (коллективдүү) чыгармачылыктан айырмаланып, акындар поэзиясында, өзгөчө жазгыч акындардын чыгармаларында субъективдүү жеке сезимдер, индивидуал көркөм ойлом элементтери орун ала баштаган. Улуттук көркөм сөз өнөрү нагыз жазма ад-ттын өнүгүү жолуна чындап 20-к-дын 20-жылдарында гана түшө алды. Совет өкмөтү өзүнүн мамл. идеол. мүдөөлөрүнө ылайык билим берүү, басма иштерин жолго коё баштады. Мезгил талабына ылайык жаңы нуктагы жазма ад-ттын алгачкы өкүлдөрүнүн алгачкы чыгармалары жарык көрдү. Кыргыз тилиндеги биринчи гезит «Эркин Тоо» 1924-ж. 7-ноябрда араб графикасында жарык көргөн. Бул кыргыздын биринчи гезитинин биринчи санына А. Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры жарыяланган. 1918–24-ж. аралыгында казак, татар тилдеринде чыгуучу «Көмек», «Тилши», «Ушкын», «Өрис», «Ак жол», «Шуро» гезиттеринде «Шолпан», «Жас кайрат», «Аел теңдиги» журналдарында С. Карачев, К. Тыныстанов, Ж. Түлөгабылов, О. Лепесов, З. Лепесова, М. Максүтов, М. Байчериков, К. Маликов, К. Баязыков, Б. Калпаков сыяктуу кыргыз жаштарынын ыр, аңгеме, кабарлары ошол гезит-журналдардын тилинде же накта эле кыргыз тилинде жарык көрүп турган. Аталган ысымдардын ичинен жаңы типтеги жазма кыргыз ад-тынын жаралышына өзгөчө салым кошкондор Сыдык Карачев (1900–37) менен Касым Тыныстанов (1901–37) болгон. Эне тилинде басма сөз органдары жоктугунан Совет бийлигинин алгачкы жылдарында С. Карачев көбүнесе татарча, К. Тыныстанов казакча жазышкан. Булар – кыргыз ад-тында чыгарма жаратып, улуттук жазма прозага да, поэзияга да, драматургияга да алгач бороз салгандар. 1918-жылдан 1924-ж. чейин мезгилдүү басылмаларда С. Карачевдин отузга жакын ыры, бир нече аңгемелери, көп сандаган публ. макалалары жарык көргөн. Басма иши жолго коюла элек 1924–30-ж. улуттук тилде биринчи кыргыз гезитинин жарык көрүшүнө, анын үзгүлтүксүз чыгып турушуна, андагы материалдардын кат-сабаты жаңы ачылган карапайым журтчулукка жеткиликтүү болушуна жана улуттук журналистиканын калыптанышына С. Карачев зор эмгек сиңирген. Анын «Үйлөнүүдөн качты», «Сүйгөнүнө кошула албады», «Армандуу эки жаш», «Ысык-Көл боюнда», «Алданган нур кызы», «Күкүк менен Зейнеп» деген туңгуч прозалык чыгармалары 1919–20-жылдардагы «Көмек» гезитинин сандарында жарыяланган. 20-жылдардагы кыргыз ад-тын изилдеген адабиятчы С. Жигитов С. Карачевдин 1926–27-ж. жазылган «Эрксиз күндөрдө» повести тууралуу: «Кыргыз прозасында турмуш акыйкатын реалисттик планда чагылдыруу, каармандардын образдарын жандуу кылып жасап чыгуу, турмуш жана табият көрүнүштөрүн таамай көркөм деталдар аркылуу сүрөттөп берүү ыкмаларынын иштелип чыгышын изилдегенде «Эрксиз күндөрдө» эң кызыктуу фактылар берип, маанилүү теор. жалпылоолор чыгарыш үчүн жем таштай алат», – деген. Басмадан жарык көргөн алгачкы драмалык чыгарманын тексти да С. Карачевдин калемине таандык. С. Карачевдин «Теңдик жолунда» драмасы 1928-ж., «Төрага Зейнеп» драмасы 1929-ж. жарык көргөн. Ал эми кыргыз драматургиясынын жана улуттук театр өнөрүнүн төл башы чыгармаларынын бири катары аталып жүргөн М. Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасы 1927-ж. сахнага театр коллективинин оңдоолору менен коюлуп, кийин автор ал оңдоолорду эске алып, алымча-кошумчаларды киргизип, кайрадан жазып чыккан. Пьесанын тексти 1938-ж. басмадан жарык көргөн. Кыргыздын жазма профессионалдык адтынын пайдубалынын түптөлүшүнө өзгөчө салым кошкон кыргыздын таланттуу уулу, акын, прозада, драматургияда да калем сынаган жазуучу, коомдук ишмер, агартуучу, кыргыз тил илимине негиз салган окумуштуу К. Тыныстанов болгон. К. Тыныстановдун 1919–24-ж. чыккан поэзиялык туундулары анын «Касым ырлар жыйнагынан» (Москва, 1925) орун алган. Жыйнакта казакча 12, кыргызча 21 ыр жана «Жаңыл Мырза» поэмасы орун алган. К. Тыныстанов – «Мариям менен көл жээгинде» (1924) аттуу көлөмдүү аңгеменин жана 1930-жылдардын башында кыргыз драмалык театрында коюлган «Академиялык кечелер» аттуу спектаклдер сериясындагы орчундуу драмалык сценкалардын автору. Кыргыз жазма профессионалдык адтынын пайдубалын түптөгөн 20-жылдардын көрүнүктүү калемгерлери С. Карачевге, К. Тыныстановго, кыргыздын туңгуч адабий сынчысы Т. Жолдошевге чыгармаларында Совет мамлекетинин идеологиясына жат элементтер бар деген күнөө тагылып, 30-жылдардагы кандуу репрессиянын курмандыгы болушкан. Кыргыз басма сөзүнүн туңгучтары «Эркин Тоо», «Ленинчил жаш» гезиттери, «Коммунист», «Жаңы маданият жолунда» журналдары өздөрүнүн биринчи санынан баштап ыр, жанытма түрүндөгү материалдарга кеңири орун берген. Улуттук басылманын жаралышы менен акындык өнөргө талпынгандардын арасынан А. Токомбаев (1904–88), М. Токобаев (1905–74), М. Элебаев (1904–43), Ж. Жамгырчиев (1906–44), Б. Кененсариев (1896–64) өздөрүнүн чыгармачылык активдүүлүгү менен
алдыга бөлүнүп чыгышкан. Бул жылдардагы поэзияда басымдуу көңүл коюлган темалар Октябрь рев-ясынын жеңиши, Совет мамлекетинин саясатынын адилеттүүлүгү, Ленин, коллективдештирүү темасы, аялдар азаттыгы жана окуу, билимге умтулуу болгон. 20-жылдардын ад-тынын ичинде көпчүлүккө кеңири таанымал чыгарма – К. Баялиновдун «Ажар» повести. Бул
повестте 1916-жылдагы көтөрүлүш учурундагы жана көтөрүлүштөн кийинки кыргыздардын тарткан азап-тозогунун реалдуу көрүнүшү таасирлүү эмоциялык-экспрессиялык деңгээлде чагылдырылган. Ушул жылдар жаңы типтеги улуттук
жазма ад-тыбыздын пайда болуу, жаралуу мезгили болсо, 1930–40-жылдар кыргыз ад-тынын
калыптануу жылдары деп эсептелет. 30-жылдардын поэзиясында А. Токомбаев, М. Элебаев, Т. Үмөталиев, Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликовдордун чыг-лыгы өзгөчө бөлүнүп көрүнөт. Кыргыз ад-тында көркөм прозанын жаралышы жана өнүгүшү жаңы турмушту, жаңы социалдык-маданий өзгөрүштөрдү ар тараптан кеңири жана реалдуу сүрөттөө муктаждыктары менен шартталды. Кыргыз жазуучуларынын алдында жаңы жанр, жаңы формаларды өздөштүрүү, жаңы көркөм формаларды ачуу милдети турду. Кыргыз көркөм прозасын калыптандырууда А. Токомбаев («Жапардын каны», «Биз балапан кездерде», «Днестр терең деңизге куят», «Мезгил учат»), М. Элебаев («Китеп издегенде», «Бороондуу күнү», «Узак жол»), К. Маликов («Азаматтар»), К. Жантөшев («Каныбек»), Т. Сыдыкбеков («Кең-Суу») сыяктуу жазуучуларыбыз зор салым кошту. 30-жылдардын ири жетишкендиги катары белгиленчү нерсе – бул көркөм ад-ттагы татаал жанр – роман жанрынын колго алынышы болду. 30-жылдардын ортосунда М. Элебаев «Узак жол», К. Жантөшев «Каныбек», Т. Сыдыкбеков «Кең-Суу», А. Токомбаев
«Кандуу жылдар» романын жазууга киришип, окурмандарга алгачкы кыргыз романдары тартууланды. А. Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романынын биринчи бөлүгү 1935-ж. жарыкка чыккан. Аталган үч калемгерден айырмаланып, А. Токомбаев романын ыр менен жазган. «Кандуу жылдардын» кийинки бөлүктөрү 1937-, 1940-, 1947-ж. жарыяланган. Кыргыз элинин тарыхындагы зор трагедия – 1916-жылдагы геноцид окуялары чагылдырылган бул чыгарма идеялык олуттуу катачылыктары бар чыгарма катары сынга кабылган. Роман кайрадан иштелип, «идеялык каталардан» арылтылып, 1962-ж.
«Таң алдында» деген ат менен жарыяланган. Коллективдештирүү окуялары чагылдырылган Т. Сыдыкбековдун «Кең-Суу» романы да идеол. мүчүлүштөн куру эмес чыгарма катары бааланган. Бул роман да кайрадан жазылып, «Тоо арасында» деген ат менен жарык көргөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кыргыз ад-тында мекенди фашисттик баскынчылардан коргоо
үчүн элдин патриоттук сезимин көтөрүүгө багытталган поэзия, проза, драмалык чыгармалар жаралган. 40-жылдардагы кыргыз ад-тынын кыйырынан жаркырап жанган жарык – бул Алыкул Осмоновдун поэзиясы. Алыкул – калктын рухий дүйнөсүндө дайым жашап, окурмандарды поэзиянын керемет касиети менен тамшандырып, түбөлүк өмүр сүрө алчу өлбөс поэзия жараткан акын. Акындын 1945-ж. басмадан жарык көргөн төртүнчү жыйнагы «Махабат» – кыргыз ад-тында улуттук поэзиянын жаңы этабы башталгандыгын белгилөөчү факт. Осмоновдун чыг-лыгы кыргыз жазма поэзиясындагы жаңы көрүнүш экендигин анын тирүү кезинде эле айрым калемдештери, тагыраак айтканда. Ясыр Шиваза, Кайсын Кулиев, Темиркул Үмөталиевдер айтып чыгышкан. Анын оригиналдуу жаңычыл, чоң арыштуу сүрөткер экенин ил. багытта ачып көрсөткөн адабиятчы окумуштуулар Ш. Үмөталиев, Р. Кыдырбаева, С. Жигитов ж. б. болгон. Кыргыз поэзиясына согуштан кийин, 50–60-жылдары келгендердин арасында айтылуу акыныбыздан тике же кыйыр таасир албагандар, анын көркөм тажрыйбасынан азыктанбагандар дээрлик жокко эсе.
Согуш мезгилинде ад-тыбызда К. Жантөшевдин «Курманбек», К. Маликов менен А. Куттубаевдин «Жаңыл», Т. Сыдыкбеков менен К. Рахматуллиндин «Манас менен Алмамбет» драмалары, А. Токомбаев менен К. Маликовдун «Сейтек» либреттолору сыяктуу чыгармалар жаралды. Бул чыгармалар согуш мезгилинде элдин патриоттук ой-сезимин ойготууда маанилүү роль ойногон. Албетте, жогорудагы пьеса, либреттолордун бардыгынын эле көркөмдүк сапаты бир кылка эмес. Айрым чыгармалардагы эң негизги кемчилик – бул драма же либретто ак санатай жана кара санатай күчтөрдүн, жамандык менен жакшылыктын кескин карама-каршылыгына негизделип курулса да, сюжет чыныгы драмалык конфликттик деңгээлге көтөрүлө албагандыгында, образдардын статикалуулугунда. Эпостук сюжеттен алынып жазылган драмалардын ичинен «Курманбек», «Жаңыл» пьесалары гана кыргыз сахнасында жашоосун уланта алды. Согуштан кийинки мезгил, дегеле, бүтүндөй совет ад-ты үчүн абдан кыйын жана татаал мезгил болгон. Бул жылдары көркөм ад-тта кеңири жайылган конфликтсиздик теориясы айрыкча драматургияга терс таасирин тийгизген. Бул теория антагонисттик таптар жоюлган сов. коомдун социалдык-саясий биримдигинин, коллективдештирүүнүн шартында карама-каршылыктын болушу мүмкүн эмес деген жобого таянган. 50-жылдардын башында чыгармачыл интеллигенция тарабынан бул теориянын жаңылыштыгы сынга алынып, жокко чыгарылган. Дал ушундай кырдаалда Т. Абдумомуновдун «Тар капчыгай», «Атабектин кызы», «Ашырбай» пьесаларынын жарыкка келиши улуттук драматургияда жаңы көркөмдүк жылыштардын, маанилүү өзгөрүүлөрдүн башталгандыгын айгинеледи. Конфликтсиздик «теориясы» үстөмдүк кылган жылдарда көркөм ад-тта орун алган штамп, канондордун бузулушу дал ушул чыгармалардын сахнага чыгышы менен башталган. Т. Абдумомуновдун 50-жылдардагы жеке инсандардын ички дүйнөсүн чагылдырууда жетишкен идеялык-көркөмдүк өрнөктүү үлгүлөрү, көркөм психологизмди өздөштүрүүдөгү ийгиликтери драматургдар М. Байжиев, Б. Жакиев, акын жана драматургдар Ж. Садыков, Ш. Садыбакасов ж. б. тарабынан улантылды. Согуштан кийинки жылдарда кыргыз ад-ты да проза басымдуу орун ээлей баштады. К. Баялиновдун «Бакыт» («Көл боюнда» повести), Т. Сыдыкбековдун «Тоо балдары» романы, Н. Байтемировдун «Салтанат», «Жаш жүрөктөр», «Акыркы ок» романдары, С. Сасыкбаевдин «Түпкүрдөгү нур» ж. б. көптөгөн чыгармалары окурмандардын колуна тийди. 20-к-дын 50–60-жылдары улуттук ад-тыбыздагы өнүгүүнүн жаңы этабы башталган, жетилүү мезгили катары бааланат. Коомдук аң-сезимдин бир формасы катары эсептелген ад-тка коомдо жүргөн, саясий, социалдык өзгөрүүлөр өз таасирин тийгизген. 50-жылдардагы жеке адамга сыйынуучулукту сынга алган, репрессиялар маселесин козгогон КПССтин 1953-жылдагы Июль пленуму, 1956-жылдагы 20-съездинин, 1962- жылдагы 22-съездинин чечимдери эстетикалыккөркөм ойдун арымына да чоң шыкак берди. Адабий сын активдешти. Белгилүү сатириктер Р. Шүкүрбеков, М. Алыбаевдер жараткан ар бир сатиралык чыгарма чагылгандай тездик менен эл арасына кеңири тарап турду. Өндүрүшчү же саясий пропагандалык агитациялык темага жашынган, көркөмдүк наркы төмөн чыгармалар сынга алына баштады. Эл аралык чыгармачылык байланыштар жакшырды. Чет өлкөлүк жазуучулар СССРге, биздин жазуучулар чет өлкөлөргө каттай баштады. Ч. Айтматов 50-жылдардын акыры 60-жылдардын башында ад-тка келген муунга «жаңы адабияттык генерация» деп аныктама берип, алардын чыг-лыгын «улуттук традициянын дүйнөлүк мад-т менен татаал айкалыш процессинде» өнүгүп жаткандыгын таасын белгилеп өткөн. Ч. Айтматов ад-т майданына 50- жылдардын биринчи жарымында келип, «Ак жаан» баштаган айрым чакан аңгемелерди жарыялаган. 1955-ж. жарык көргөн анын «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аттуу аңгемелери Ч. Айтматовдун ысмын окурмандар арасында белгилүү кылды. Бул чыгармалардан сентенциялуулуктун кээ бир эпкини сезилип турганы менен, алардан автордун психол. анализге шыктуу экендиги, драматизмди чегине жеткире чагылдыра ала тургандыгы байкалды. 1957-ж. жазылган «Бетме-бет» повести учурунда эле «кыргыз ад-тындагы жаңы сөз» (К. Асаналиев) катары бааланган. Ал эми анын «Жамийла» повести кыргыз ад-тын дүйнөлүк аренага чыгарган алгачкы чыгарма болуп калды. 50–60-жылдары кыргыз ад-ты К. Каимов, А. Жакыпбеков, М. Байжиев, М. Гапаров, Т. Касымбеков, А. Саспаев, К. Жусупов, С. Эралиев, С. Жусуев, Ж. Садыков, Б. Сарногоев, Р. Рыскулов, О. Султанов, Э. Турсунов, Т. Кожомбердиев ж. б. көптөгөн акын-жазуучулар менен толукталды. Кийинки жылдары Ж. Мамытов, М. Абылкасымова, Т. Муканов, Т. Эргешов, Т. Самудинов, А. Жакшылыков, Б. Сартов, К. Алмазбеков, А. Өмүрканов, А. Ток-тогулов, С. Акматбекова, А. Рыскулов ж. б. көп сандаган жаш акындар окурман журтчулугуна кеңири тааныла алышты. 60–80-жылдары кыргыз көркөм котормо өнөрүнүн, о. эле кыргыз адабий сынынын жана ад-т таануу илиминин күрдөөлдүү өнүккөн жылдары болду. Кыргыз мамлекети эгемендүү өнүгүү жолуна түшкөн мезгилден бери акын, жазуучу, драматургдарыбыз заман талабына шайкеш чыгарма жаратуу аракетинде эмгектенишүүдө. Кыргыз ад-ты өткөн доордун көркөм мурастарына, санжыргалуу бай поэтикалык салттарына таянуу менен мындан аркы
өмүр сүрүүсүн уланта бермекчи.
Ад.: Кыргыз совет прозасынын очерки. 1-бөлүм. Ф., 1957; Асаналиев К. Кыргыз совет прозасынын очерки. 2-бөлүм. Ф., 1960; Краткая литературная энциклопедия. М., 1978; История всемирной лите ратуры. М., 1983; Жигитов С. 20-жылдардагы кыргыз адабияты. Ф., 1984; Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары. Ф., 1991; Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 1-том. Ф., 1987; Кыргыз адабиятынын тарыхы. 6–7-томдор. Б., 2002; Артыкбаев К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.
А. Кадырмамбетова.