КУЛЕШОВ Александр Фёдорович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:08, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page КУЛЕШОВ 1 to КУЛЕШОВ Александр Фёдорович) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛЕШО́В Александр Фёдорович (1906, Бело­руссия, Витебск шаары – 6. 10. 1961, Фрунзе) – Кыргыз ССР эл артисти (1951).

1928-жылы Ленинграддык «Красный молот» театрында үйрөнчүк актёр, 1935–1936-жылдары Уфа орус драма театрында актёр, 1937-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Фрунзедеги Н. Крупская атындагы орус драма театрында иштеген. Аткарган ролдору: Тихон (А. Островский, «Добул»), Степанов, Гвоздилин (Н. Погодин, «Директор», «Үчүнчү патетикалык»), Тетерёв (А. Горький, «Мещандар») жана башкалар. Кулешов Кыргыз ССР Жогорку Советинин (4-шайлоо) депутаты. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.