КОТОРМО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОТОРМО (көркөм) – адабий чыг-лыктын бир түрү; бир тилдеги чыгарманын экинчи тилдин каражаты м-н кайра жаралышы. Бул К-нун не­гизги түрү. Анын мындан башка сөзмө-сөз (под­строчный), эркин, ил. так котормо сыяктуу түр­лөрү бар. К. өнөрүнө тиешелүү тармакты котор­мочу практиктер ж-а теоретиктер деп ажырата­быз. Практиктер түздөн-түз котормочулук м-н алектенгендер: мис., К. Тыныстанов, К. Баяли­нов, У. Абдукаимов, А. Осмонов, С. Бектурсу­нов, О. Орозбаев, С. Эралиев, Ч. Айтматовдор көркөм К. тажрыйбасына (практикасына) чоң салым кошуп, чебер котормочулар ж-а бул өнөр­дүн баштоочулары катары белгилүү. К. тажрый­басына таянуу аркылуу теор. жоболорду, прин­циптерди иштеп чыккан теоретиктердин ката­рына К. Чуковский, М. Рылевский, П. Анто­кольский, М. Ауэзов, Е. Эткинд, И. Кашкин, Г. Гачечиладзе, Вс. Россельс ж. б. киргизүүгө болот. Кырг-нда К. Жийдеева, Д. Кулбатыров, Ч. Жолдошева ж. б. котормо теориясына кай­рылышкан. Көркөм К-нун өзгөчөлүгү жалпы эле К. ичинен алган орду ж-а адабий чыг-лык м-н болгон өтмө катыштыгы аркылуу аныкталат. Көркөм К. тилде коммуникациялык эле эмес, эстетикалык да милдет аткарат. Ушул себептүү көркөм К. маселеси иск-во жаатына кирип, анын мыйзамдарына баш иет. Ал оригиналдуу чыг­лыктын объектисине – которулуп жаткан чы­гармага көз каранды болгондугу м-н айырмала­нат. К-го ар кайсы доордо ар кандай мазмун берилип, анын улуттук ад-т м-н карым-каты­шы ар башка түшүнүлүп келгендиктен, К. та­рыхый түшүнүк катары да каралат. Көркөм К-нун тарыхы ар бир өлкөнүн ад-т тарыхынын орг. бөлүгүн түзөт. Ал ж-дөгү байыртан азыр­кыга чейинки көз караштардын тарыхын са­лыштырып көргөндө эки түрдүү талаптын бар экени байкалат; бири текстти түп нускага жа­кындатып которуу, экинчиси – текстти өз окур­манына ылайыктап которуу. Бул талаптардын ролу ар кайсы доордо ар башка болгон. Мис., о. кылымда Европада «Библия» ж. б. диний ки­тептер жаңы тилдерге сөзмө сөз которулган бол­со, 16–18-к-да К-ну классикалык нормаларга ылайыктоо, кийинчерээк улуттук өзгөчөлүк­төргө кызыгуу күч алганына байланыштуу кө­бүнчө оригиналга жакындатып которуу башкы талапка айланган. Ар тараптуу К-чулук таж­рыйбанын жайылышы, тил илиминин өркүн­дөшү жогорудагы эки талапты бири бирине ка­рама-каршы койбой, аларды кыйыштыруу ж-дө туура теор. жыйынтык чыгарды. Натый­жада К-нун объектисине кылдат мамиле жасап, түп нусканын мазмуну м-н формасынын бирди­гин, улуттук ж-а жеке өзгөчөлүгүн сактап, аны нукура иск-волук чыгарма катары кайра жара­туу керек деген талап калыптанды. Кыргызда көркөм К. Октябрь рев-ясына чейин эле «Миң бир түн», «Куран», «Шахнаме», «Кыз Жибек», «Көр уулу» сыяктуу чыгармалар ар кайсы тил­ден оозеки которулуп, элге оозеки таралган. Бирок кыргыз көркөм К-су расмий түрдө 1924- жылдан К. Тыныстановдун «Интернационалды» которушу м-н башталат. Б. Солтоноев Л. Тол­стойдун «Пил жана бугу» деген аңгемесин ыр түрүндө кыргызчалаган, бирок, ал эч жерде жа­рыяланган эмес. Алгачкы К-лорду К. Баялинов, С. Карачев, Х. Карасаев ж. б-лар ишке ашыр­ган. Кыргыз көркөм К-сун калыпка салуудагы ж-а өрчүтүүдөгү негизги роль А. Осмонов, С. Бек­турсунов, У. Абдукаимов, К. Эшмамбетов, М. Абдукаримов, О. Орозбаев, К. Саякбаевдерге таандык. Көркөм К. өнөрү 1934-ж. СССР жазуу­чуларынын 1-съездине даярдык көрүү мезгилинде ж-а андан кийин бир кыйла жанданган. 1933– 38-жылдардын аралыгында Кырг-нда барды­гы болуп 111 китеп чыкса, а. и. 70и котормо болгон. Ал эми кыргыз тилинен орус тилине которуу 1958-ж. кыргыз ад-ты м-н иск-восунун Моксвадагы он күндүгүнө карата ишке ашы­рылган. СССР учурунда К. маселесине өтө чоң көңүл бурулган. Мис., бир гана 1953-ж. котор­мо ад-т 44,6%ти түзгөн. 1960-жылдардан тарта көркөм К-нун теориясы м-н практикасын изилдеген эмгектер чыга баштаган. Көркөм К. элдер ортосундагы достукту, кызматташтык­ты өнүктүрүүдө маанилүү курал болуп саналат. Ал улуттук мад-т м-н ад-ттын мазмунун ж-а формасын кеңитип, жаңы жанрлар м-н ба­йытат.


Ад.: Кулбатыров Д. Көркөм котормодогу чебер­чилик маселелери. Ф., 1974; Жолдошева Ч. Киргиз­ская проза в русских переводах. Ф., 1977.