КОТОН ЖАРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОТОН ЖАРА – организмдин бардык орган ж-а системасын жабыркатуучу эң оор жугуш­туу оору, с и ф л и с и. Венера ооруларына кирет. Аны трепонема микробу пайда кылат. Теринин же былжыр челдин кичине эле жабыр­каган жери аркылуу жугуп, ал теридеги майда кан тамырлар м-н бүт денеге тарайт. Инфекция оорулуу кишиден негизинен жыныстык катна­шууда жугат. Кээде тиричилик буюмдары (тиш жуугуч щетка, сүлгү, идиш-аяк ж. б.) аркылуу да жугушу ыктымал. Микроб жуккандан 3–4 жума өткөндөн кийин (жашыруун мезгили) козгогуч кирген жерде (жыныс органы, эринде, тилде) алгачкы белгиси – катуу ш а н к р пай­да болот. Катуу шанкр – анча чоң эмес, тегерек же сүйрү берч сымал түбү катуу жара. Ал, адат­та, кычышпайт, оорубайт, дене темп-расы көтөрүлбөйт. Эгер жыныстык катнашуудан жукса, катуу шанкр жыныс мүчөлөрүнө чыгат. Жыныс мүчөсү шишимик тартат. Аялдын жа­тын моюнчасына катуу шанкрдын чыкканы билинбей жүрө берип, башкаларга жугуза бе­рет. Катуу шанкр пайда болгондон бир нече күндөн кийин ага жакын лимфа түйүндөрү чоңоё баштайт. Бир канча жумадан кийин катуу шанкр жакшы боло баштайт. Бирок боз трепо­нема микробу көбөйүп, лимфа ж-а кан тамыр­лар аркылуу бүт организмге тарайт. Эгер дары­лабаса оорунун 1-мезгили 2-мезгилине өтө баш­тайт. Анда адамдын бүткөн бою салмактанып, сөөк сыздайт, темп-ра көтөрүлөт. Денеге, кол, бутка түрдүү кызгылт бүдүрлөр (розеола) ж-а сары-кызыл түстөгү түйүнчөлөр (папула) пайда болот. Папула эриндин ич жагында, тилде, та­макта ж. б. болуп, дени соо адамдарга корку­нуч туудурат. Чач, каш, сакал-мурут түшө баш­тайт. К. ж-нын бул мезгили бир нече жыл созу­луп, бирде айыгып, кайра кайталанып турат. Андан кийин үчүнчү мезгил башталат. Мында ички органдар, нерв ж-а сөөк системалары жа­быркайт. Оорулуунун терисинде чоң тоголок түйүн – гумма пайда болот. Гумма жарасы муун, тамак, мурун, боор, жүрөк, өпкө, мээ ж. б. мүчө­лөрдү жабыркатып, өмүргө коркунуч туудурат. Эгер гумма мурун сөөгүнө чыкса, мурун кебете­си бузулат. Нерв системасы жабыркаганда, жүлүндүн нерв ткандары бузулуп, омуртка бы­чак м-н сайгандай ооруйт, заара ушатуу, заң­доо бузулат, көрүү нерви атрофияга учурап, со­кур болот. К. ж-ны дарылабаган же туура эмес дарыланган ата-энеден түйүлдүккө жугат, бала жакшы өспөй 5–6 айында бойдон түшөт же ара

төрөлөт, же оорулуу төрөлөт. Тубаса оорулуу баланын сөөктөрү өсүп жетилбей, нерв система­сы, көрүүсү, угуусу начар болуп, баланын буту, колунда, жыныс мүчөлөрүндө жара байкалат. Көбү 1 жумада же 1 айда өлүп калат. Алар на­чар, жай өсөт, соо балдарга караганда акыл-эси кемирээк келет. Дарылоону врач жүргүзөт. Өз убагында үзгүлтүксүз, туура дарылоодон оору­луу айыгып кетет. Алар тери-венерол. оорука­нада дарыланат. Тубаса К. ж-нын алдын алуу үчүн кош бойлуулардын каны текшерилет. О. эле аялдар баш аламан жыныстык катнашууга барбашы керек (к. Венера оорулары).