КОТИРОВКА
КОТИРО́ВКА (фр. coter – номерлөө, эн салуу) – биржада же рынокто чет элдик валютанын, баалуу кагаздын курсун же товардын баасын коюу. К. актив түрүнө карата валютанын алмаштыруу курсун, баалуу кагаздардын наркын, кредит үчүн проценттик үстөгүн, товар же сырьё наркын негиздейт. К. биржаларда атайын котировкалоо комиссиясы катталып, биржа сессиясынын ачылуу-жабылуу нарктары, о. эле күндүн максималдуу ж-а минималдуу наркы аныкталат. К. соодалашуудагы түзүлгөн конъюнктураны, сунуш ж-а талап катышын чагылтат. Валюта рыногунда түз ж-а кыйыр К. болуп айырмаланат. Түз валюта К-сында чет элдик валюта бирдиги улуттук м-н, кыйырында улуттук – чет элдик м-н көрсөтүлөт.