КОСМОСТУК ЧЕЛНОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСМОСТУК ЧЕЛНО́К – Жер орбитасына адам­дарды ж-а жүктөрдү ташуу үчүн колдонулуучу космос кемеси. АКШнын «Спейс шаттл» К. ч-у 1981-ж. учурула баштаган, ал эми сов. «Буран» К. ч-у орбитага «Энергия» деп аталган ракета алып жүрүүчүнүн жардамы м-н 1988-ж. автомат­тык түрдө өзүнүн жалгыз учуусун аткарган. О. эле Европ. космос агентчилигинин «Гер­мес» К. ч-у иштелип чыккан. «Спейс шаттл» К. ч-унун транспорттук системасы негизинен үч ракеталык кыймылдаткычтан, эки катуу отун­дуу ракеталык ылдамдаткычтан турат ж-а алар учкандан эки мүнөт өткөндөн кийин ажырап жерге түшөт. К. ч. 30 тга чейинки жүктү алып жүрө алат. Кайра атм-га киргенде планер сыяк­туу учуп, конуу жолуна конот. 1986-ж. январ­дан 1988-ж. сентябрга чейин АКШ «Челленд­жер» К. ч-унун жарылуусунан кийин «Спейс шаттл» програмасын иштетүүнү токтоткон. 1989-ж. учуулар калыбына келтирилген.