КОСМОНАВТ
КОСМОНА́ВТ (космос ж-а гр. n–utts – деңизде сүзүүчү), а с т р о н а в т – атайын мед.-биол., техника даярдык м-н машыгуулардан өтүп, космостук техникаларды сыноодон өткөрүүгө ж-а космоско учууга катышкан адам; адамдын космоско учушунан пайда болгон адистик. К-ты даярдоодо жакшы сапаттарга ээ жөндөмдүү аскер учкучтары ж-а сынагыч-учкучтар, инженерлер ж-а илимпоздор тандалат. Азыркы мезгилде «космос туристи» деп аталган адамдарга да учууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. К-ты даярдоо СССР-де 1960-жылдан, ал эми АКШда 1959-жылдан башталган. Тунгуч К. Ю. А. Гагарин (1961), Айга биринчи түшкөн К. Н. Армстронг (1969) 2010-жылдын 1-январына карата орбиталык космоско 509 К. а. и. 7 турист учкан, К-тардын катарында мекендешибиз С. Ш. Шарипов да бар.