КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ (Чоң Алай кырка тоосунда)
КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ – Чоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы Корумду суусунун төрүндө жайгашкан үч мөңгү (Чыгыш, Ортонку ж-а Батыш Корумду мөңгүлөрү). Ч ы г ы ш Корумду мөңгүсү татаал өрөөн тибинде. Узундугу 6,2 км, аянты 13,9 км2, көлөмү 0,6 км3. Башы деңиз деңгээлинен 5440 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4620 м, абляциясынын аянты 4,0 км2. О р т о н к у Корумду мөңгүсү өрөөн тибиндеги мөңгүгө кирет. Узундугу 5,5 км, аянты 3,9 км2, көлөмү 0,2 км3. Башы деңиз деңгээлинен 5330 м, этеги 3820 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4520 м, абляциясынын аянты 1,8 км2. Б а т ы ш Корумду мөңгүсү – өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,4 км, аянты 4,9 км2, көлөмү 0,3 км3. Башы деңиз деңгээлинен 4700 м, этеги 4020 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4360 м, абляциясынын аянты 1,9 км2. Мөңгүлөрдөн башталган суулардан Кызыл-Суунун сол куймасы – Корумду суусу куралат.