КОРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 29 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРТ (анг. court, лат. cohors – тосулган жер) – теннис ойнолуучу, үстү тегиз чарчы аянтча. Анын үстүнө табигый (чөп, чопо-кум ж. б.) ж-а жасалма (асфальт, жыгач, пластик ж. б.) мате­риалдар төшөлөт. Жеке разряд оюндары жүр­гүзүлүүчү аянтчанын өлчөмү 23,77x8,23 м. Аянт­ча чектөөчү сызыктар м-н тосулат. Ал жерден бийиктиги 91,4 см (жогорку чеги) тор ж-а 107 см тирөөчтөр м-н жарымынан бөлүнөт. Торго жа­рыш 6,4 м аралыкта теннис тобун берүү сызыгы орун алат. Экөөнүн ортосундагы аралыкты бой­лото кеткен сызык – топту өткөзүү талаасы бо­лот. Жуптар оюн жүргүзүүчү корттун туурасы 10,97 м, калган өлчөмдөрү жеке разряддагыдай. Корттун ички ж-а тышкы каптал сызыктарынын ортосунда коридор бар. Жуптардын оюнунда ко­ридорго топ түшсө саналып, ал эми жеке раз­ряд оюндарында аут деп эсептелинет. Корттун төшөлгөсү оюндун мүнөзүнө кескин таасир этет. Эл аралык теннис федерациясынын (ITF) ата­йын жумушчу тобу корттун үстүн каптап жаткан төшөлгө боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп келүү­дө. Корттор «бат» (жука төшөлмө), «жай» (калың төшөлгө), ачык (ачык асман алдында) ж-а жа­бык (имарат ичинде) деп бөлүнөт. Жабык корттун бийиктиги 8 мден кем эмес болуш керек.