КОРСИКА
КО́РСИКА (Corse) – Жер Ортолук деңиздин түн.- батышындагы арал. Франциянын департаменти. Аянты 8,7 миң км2. Калкы 300 миңдей (2005). Адм. борбору – Аяччо шаары. Батыш жээги аскалуу, булуң-буйткалуу, чыгышы жапыз, түзөң. Рельефи тоолуу (эң бийик жери 2706 м, Мон-Сенто чокусу). Аралдын батыш

Корсика аралынын батыш жээги. бөлүгү гранит, чыгышы чополуу сланец тектеринен түзүлгөн. Жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү. 600–700 мге чейин бадал өсүмдүктөрү, андан жогору эмен, бук, мырза карагайлуу токой өсөт. Жемиш бактары, жүзүм, зайтун дарагы өстүрүлөт. Аралда Аяччо, Бастия ш. жайгашкан.