КОРРЕЛЯЦИЯ (геологияда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 29 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРРЕЛЯ́ЦИЯ г е о л о г и я д а – бири бирине жанаша жаткан же бир топ алыстан орун ал­ган тектердин пайда болуу жашын салышты­рып аныктоо, бир мезгилдеги тектердин стра­тиграциялык шкаласын түзүү ыкмасы. Салыштыруу бургулоо көзөнөктөрүнөн тартып, ири аймак­тарды, ал эмес материкти кучагына алат. Ан­чалык чоң эмес аймактагы чөкмө ж-а ж а н а р­ т о о чөкмөлөрүнүн калың катмарларын бири-­бирине салыштыруу ж-а алардын пайда болуу мезгилин аныктоо ж е р г и л и к т ү ү, ал эми алыс орун алган ири аймактарды, материктер­ди бири-бирине салыштыруу ж а л п ы корреляция деп аталат . Мында маркирлөөчү горизонттор бөлүнөт. Каротаждан алынган маалыматтар, биостратиграциялык ыкмалардын жыйынтыктары, изо­топ ыкмасы колдонулат. Натыйжада стратиграциялык схема түзүлүп, сол капталына жалпы стратиграциялык шкаладагы бөлүнүштөр, оң жагына изилденген аймактагы тоо тектердин (катмарлардын) стра­тиграциялык схемасы берилет.