КОРИОЛИС КҮЧҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:46, 28 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРИОЛИ́С КҮЧҮинерция күчтөрүнүн бири. Кыймылдуу системанын айлануусунун матери­алдык чекиттин салыштырмалуу кыймылына тийгизген таасирин эсептөө үчүн киргизилген. Франциялык окумуштуу Г. Кориолистин ысымынан атал­ган. Кориолис күчү чекиттин массасы м-н Кориолис ыл­дамдануусунун көбөйтүндүсүнө барабар ж-а бул ылдамданууга карама-каршы багытталган: F = 2m[S, w ] ... Жер бетинде кыймылдаган нер­селерге да кориолис күчү таасир этет. Кориолис күчү эркин түшкөн нерсени чыгышты көздөй четтетет (түртөт). Бул четтөө кеңдикке жараша: уюлдарда нөлгө, ал эми экватордо эң чоң мааниге ээ. Кориолис күчүнө негиз­делген маятникти 1851-жылы франциялык физик Фуко жа­саган. Бул маятник Жердин өз огунда ай­лануусун далилдөөгө жардам берет. Меридиан боюнча түндүктү көздөй кыймылдаган нерсени кориолис күчү Түндүк жарым шарда оңго, ал эми Түштүк жарым шарда солго түртөт. Кориолис күчү кыймылдагы само­лётко, снарядга, шамалга, суу агымына да таа­сирин тийгизет. Мисалы, Түндүк жарым шарда дарыя­нын оң, ал эми Түштүк жарым шарда сол жээги тез жешилет. Экватор боюнча чыгышты көздөй кыймылдаган нерсени кориолис күчү өйдө көтөрөт, ал эми батышка баратканды ылдый басат. Техни­када гироскоп, турбина ж. б. айлануучу систе­маларда кориолис күчү сөзсүз эске алынат.