КОРГОНЧУ ЧОПО КЕНИ
КОРГОНЧУ ЧОПО КЕНИ , К ы з ы л - С а й кени, Баткен облусунун Лейлек районунда. Сүлүктү шаарынан 5 км түштүк тарапта, Түркстан кырка тоосунун түндүк этегинде. 1965-жылы табылган. Кен аймагын палеоген, неоген мезгилинде пайда болгон чөкмө тоо тектер түзөт; көп жерин антропоген чөгүндүлөрү жаап калган. Кен каралжын боз түстөгү чопонун линза сымал катмарынан турат. Анын калыңдыгы 7–8 м, узундугу 1500 м. Запасы 4237 миң тонна. Чопо «100» маркасындагы кыш даярдоого жарамдуу. Кен Сүлүктү шаарындагы кыш заводунда пайдаланылат.