КОРГОН-ДӨБӨ
КОРГОН-ДӨБӨ , Ж а ң ы - Т а л а п – Жалал- Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Ак-Суу айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1070 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 80 км чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 35 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1630 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, медпункт бар.