КОҢУР-ӨЛӨҢ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУР-ӨЛӨҢ , А й д ы ң - К ө л – Тескей Ала- Тоонун түн. капталындагы көл, Коңур-Өлөң– Ала-Баш өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнөн орун ал­ган. Деңиз деңг. 1906 м бийикте жатат. Айла­насындагы саздын кеңейишинен соолуп бара­тат. Аянты 0,7 км2, уз. 2,4 км, туурасы 600– 700 м. Тереңдиги 1 мге чейин. Көлгө чакан суу куюп, андан агып чыккан өзөн Ак-Терек суусу­на оң тараптан куят. Балык бар. Көлдө чирин­ди заттардын көбөйүп баратышы (айрыкча сап­ропель) анын чанагынын ыкчам кичирейиши­не шарт түзүүдө.