КОНЦЕРН
КОНЦЕ́РН (англ. concern – катышуу, кызыгуу) – ө. ж-дагы көп тармактуу корпорациянын экон. жактан үстөмдүк кылуучу азыркы формасы. К. алгач Германияда биринчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болуп– анан Батыштын башка өлкөлөрүнө тараган. К. негизинде конкреттүү корпорациянын капиталынын анын ишмердигинин негизги чөйрөсү м-н байланышпаган тармактарга киришин билдирүүчү өндүрүштү диверсификациялоо жатат. К. ондогон ж-а жүздөгөн ишканаларды, ил.-из. мекемелерин, окуу борборлорун, сыноо полигондорун ж-а көп тармактуу экон. комплекстин ишмердигин камсыз кылуучу көп бөлүктөрдү бириктирет. К. ишмердигинин маанилүү өзгөчөлүгү, бир жагынан, ички финансылык катуу көзөмөл, экинчи жагынан – ишканалардын, бөлүмдөрдүн, филиалдардын кеңири чарбалык өз алдынчалыгы ж-а продукциянын негизги топтору же райондор б-ча башкарууну борбордон ажыратуу болуп саналат. К. натыйжалуу иштеш үчүн ил.-тех. жетишкендиктерди кеңири пайдалануу– өндүрүштү системалуу түрдө жаңыртуу, К. ичинде өндүрүштү диверсификациялоо, майда ж-а орто, айрыкча инновациялык ишканалар м-н тыгыз өндүрүштүк байланышта болуу ж. б. иштер жүргүзүлүүгө тийиш.