КОНФЕРАНСЬЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНФЕРАНСЬЕ́ (фр. conftrencier – докладчы) – концерт номерлерин жарыялап туруучу ж-а алардын аралыгында өнөр көрсөтүүчү эстрада артисти. Адатта анын сахнадагы жүрүш-турушу комедиялык мүнөздө болот. К. алгач 19-к-дын 60-жылдарында Францияда– 20-к-дын 10-жылдары Россияда пайда болгон. Кырг-нда алып баруучу деген ат м-н тараган. Белгилүү алып баруучулар Г. Молдоева, Б. Мамытов, К. Жу­малиев ж. б.