КОНФЕДЕРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНФЕДЕРА́ЦИЯ (лат. confederatio – союз, бирикме) – 1) бир нече мамлекеттин белгилүү бир максатка жетишүү үчүн түзгөн союзу. Союзга мүчө болгон мамлекеттердин өкүлдөрүнөн борб. орган түзүлөт. Бул органдын бир добуштан кабыл алган чечими тийиштүү мамлекеттин бий­лик органдарынын макулдугу м-н жүзөгө ашы­рылат. К-нын акча каражаты ага кирген мамлекеттердин мүчөлүк акыларынан түзүлөт. Тарыхта Рейн К-сы (1254–1350), Ганзей лигасы (1367–1669), Швейцар К-сы (1291–1798 ж-а 1815– 48), Герман К-сы (1815–66), Америка К. штаттары (1861–65) ж. б. болгон. Кээ бир теоретиктер К-ны кеңейтилген Европ. союз (ЕС) м-н салыштырышат; 2) кандайдыр бир коомдун же уюмдардын бирикмеси (мис., Франциядагы Жалпыга бирдей эмгек К-сы, Япониядагы эмгек К-сы ж. б.; 3) Польшада 16–18-к-да шляхталардын убактылуу союзу.