КОНУСТУК БЕТ
КОНУСТУК БЕТ – конустун чокусу аркылуу өтүүчү ж-а берилген ийри сызыкты (багыттоочу) кесүүчү түз сызыктардын (түзүүчү) көптүгү. Эгер багыттоочусу айлана болуп, ал эми К. б-тин чокусу айлананын тегиздигинин борбору аркылуу өтүүчү перпендикулярда жатса, анда К. б. тегерек конус деп аталат; ал чокусунда биригүүчү эки тегиздиктен турат. К. б. – 2-тартиптеги беттердин бир түрү. 2-тартиптеги чыныгы К. б-тин канондук теңдемеси жазылат. Эгерде а=b болсо, анда т е г е р е к а й л а н у у ч у К. б. деп аталат. 2-тартиптеги жалган (мнимый) К. б-тин канондук тендемеси: