КОНТРАПОСТ
КОНТРАПОСТ (фр. contraposte, италянча contrapossto – cөзмө-сөз, карама-каршылык, карама-каршы коюу) – көркөм сүрөт иск-восунда симметриялуу же бири-бирине каршы турган адам денесинин бөлүктөрүнүн контрасттык жайгашуу ыкмасы (колу, буту, дененин жо горку ж-а төмөнкү бөлүктөрү). Мис., байыркы доордогу Грекияда кеңири тараган адам фигурасынын бир бутуна таянып, булчуң эттеринин эч чыңалуусуз эркин турган абалы К. аталган. 16-к-да италян Ренессанс доорунда кайра жандандырылган (Микеланжело ж. б. сүрөтчүлөр).

К. ыкмасы фигурага чы мыркангандыкты, татаал кыймылды берет ж-а анын үч өлчөмдүү экенин баса көрсөтөт.