КОНТИНЕНТТИК КЛИМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТИНЕНТТИК КЛИ́МАТ – материктин ички (океан, деңиздерден алыс) бөлүктөрүндө кургактыктын атм-га тийгизген таасиринен пайда болгон климат. К. к. Евразиянын борб. бөлүгүнө ж-а Түн. Америкага мүнөздүү. Мелүүн алкактарда абанын темп-расы жыл (жайы ысык, кышы суук) ж-а сутка ичинде кескин өзгөрүп турат. Деңиз климатынан жаан-чачындын аз жаашы, булуттуулуктун аздыгы, шамалы басаң болгон­дугу, абанын жылдык орт. темп-р асынын төмөндүгү, аба ырайынын бат-бат өзгөрүп туру­шу ж-а атм-нын чаңдуулугу м-н айырмаланат. Климаттын континенттүүлүгү материктин ичин карай күчөйт. Кырг-н аймагына да К. к. мүнөздүү. Анда абанын жылдык орт. темп-расы өрөөндөрдө 5–6°Сден 10–13°Сге чейин, бийик тоолуу зонада –7– –8°С. Абс. мин. –53,6°Сди (Ак-Сай өрөөнүндө), абс. макс. 44°Сди (Чүй өрөөнүнүн түндүгү) түзөт.