КОНСТРУКЦИЯ (техникада, курулушта)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСТРУ́КЦИЯ (лат. constructio – түзүү, куруу) – түзүлүш, бөлүкчөлөрдүн өз ара жайгашуусу, кандайдыр бир курулуштун, механизмдин курамы; белгилүү түзүлүштөгү курулуш, меха­низм ж. б. (мис., көпүрөнүн К-сы, темир-бетондуу К.). Т е х н и к а д а – машина бөлүктөрүнүн өз ара жайгашышы, бириктирүү жолдору, таасир кылуучулары ж-а айрым бөлүктөрдүн кайсы материалдан жасалышы алдын ала каралат. К у р у л у ш т а жаңы К-ны долбоорлоодо бекемдөө ж-а өлчөмдөн ашып ийилип кетпөөсү үчүн ар кандай ыкма колдонулат. Мында туруктуу же убактылуу бекемдөөчү тирөөчтөрдү пайдалануу, негизги ж-а жардамчы устундарды коюу, устундардын туура кесилиш аянтын чоңойтуу, темир К-га айландыруу, кошумча негизги устундарды кошуу ыкмалары да колдонулат. Темир К-нын начар жерлери ага темир кабаттарды же башка элементтерди ширетүү м-н бекемделет. Талап кылынган учурда долбоор б-ча кошумча арматура орнотулуп, бетондон түркүк коюлат.