КОНСТАНЦА
КОНСТА́НЦА – Румыниянын чыгышындагы шаар. Констанца жудецинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 320 миң (2004). Кара деңиздеги өлкөнүн башкы порту (жылына 15 млн т жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. Шаар 6-к-да иония гректери тарабынан негизделген. Б. з. ч. 29-ж. римдиктер басып алган. К. 1413–1878-ж. Осмон империясынын бийлигинин астында болгон. 1878-жылдан Румыниянын курамында. Кеме куруу ж-а ремонттоо, целлюлоза-кагаз, эмерек, жеңил, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Археол. ж-а сүрөт музейлери бар. К. – Румыниянын Кара деңиз жээгиндеги туризм борбору. Антика мезгилинин курулуштарынын калдыктары, грек ж-а рим некрополдору, базилика (5–6-к.), мечиттер (18–19-к.) сакталган.