КОНСОЛИДАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСОЛИДА́ЦИЯ [лат. Consolidation – con (cum) – бирге, чогуу ж-а colido – бекемдейм, бириктирем] – 1) бир нерсени чыңоо, бекемдөө; 2) айрым жактардын, топтордун, фирмалардын же компаниялардын жалпы максат үчүн күрөштү күчөтүү максатында биригиши, баш кошуусу; 3) алып сатарлык акцияларды сатуудан алынган пайданы ишенимдүү акцияларга салуу; 4) өлкөнүн валюта резервиндеги улуттук валю­тасын жаңы эл аралык акча активдери м-н алмаштыруу; 5) жыйынтык отчёт даярдоодо бух. маалыматтарды топтоштуруу; 6) бир нече карыздарды ссудалык процентин өзгөртүү м-н узагыраак бирөөнө бириктирүү.