КОНДУЧАЛОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНДУЧАЛОВА Сагыйпа (6. 5. 1926, Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Кара-Жыгач айылы 11. 2. 2006) – педагог, Кыргыз ССРинин элге билим берүүгө эмг. сиң. ишмери (1990). Фрунзе пед. окуу жайын бүтүрүп (1943), Кара-Жыгач айылдык мектебинде мугалим болуп эмгектенген (1945). М. В. Фрунзе атн. Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүрүп (1949), Кыргыз кыз-келиндер пед. ин-тунда мугалим (1949–50), Кыргыз ССР ИАнын Тил ж-а адабият ин-тунда ил. кызматкер (1955– 59), Ош мамл. пед. ин-тунда мугалим (1959–61), кафедра башчысы (1961–70), В. В. Маяковский атн. Кыргыз кыз-келиндер пед. ин-тунун кыргыз тили ж-а ад-ты кафедрасынын доценти (1970–73), кафедра башчысы (1973–89), проф. (1989–93) И. Арабаев атн. мамл. ун-тинин проф. болгон (1993–2006). 80 ден ашык ил. эмгектин автору.


Эмг.: Методика преподавания родного языка. Ф., 1974; Эне тили. 2-класс. Ф., 1978.